МАСЕЛЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Чечилишин талап кылып турган милдет, абал; чечилиши керек болгон проблема. Тенти Кычанга орчундуу маселелерди айтты (Бейшеналиев). Экинчи маселеде уюштуруу иштери каралды (Каимов). 2. Кээ бир маалыматтар келтирилип, ошонун негизинде белгилүү жолдорду колдонуп чыгарууну талап кылган эсеп. Маселе чыгаруу. Маселелер жыйнагы.